Ош-Бишкек жолунда жайкы дөңгөлөктүү автоунаа менен жүргүнчү ташууга тыюу салынды

Бул чара Ош-Бишкек жолундагы автокырсыктардын алдын алуу максатында көрүлүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. 15-октябрдан баштап Бишкек — Ош жолунда кышкы сезонго карата дөңгөлөктөрү алмашылбаган автобус, кичи автобус, минивен автоунаалары менен жүргүнчүлөрдү ташууга тыюу салынат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы маалымдады.
Билдирмеге ылайык, өкмөттүн № 334-р буйругун аткаруу жана жол коопсуздугун камсыздоо, оор кесепеттерге алып келген кырсыктардын алдын алуу максатында толук дөңгөлөктүү механизмдеги автобустардан башка автоунааларга эгерде алардын дөңгөлөктөрү кышкы сезонго карата алмашылбаса 2023-жылдын 1-майына чейин жүргүнчү ташууга тыюу салынат.
"Жайыл районунун Сосновка айылындагы жана Токтогул районундагы посттордо автобус, кичи автобус жана минивэндерге карата бул багыттагы көзөмөл иштери күчөтүлөт. Айдоочулар автоунааларынын дөңгөлөктөрүн кышка карата алмаштыра элек болсо Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Өтмөк ашуулары аркылуу жолго чыкпоого чакырабыз. Мындан тышкары, жол кыймылынын бардык эрежелерин аткарып, автоунаа айдоодо кылдат болууну эскертебиз", — деп жазылат маалыматта.
Бишкек — Ош жолунда 6 адамдын өмүрүн алган жол кырсык. Дагы бирөө ооруканадан үзүлдү