Ош облусунда алдыдагы аптада аба ырайы кандай болот

Аймакта 18-19-октябрда ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен шамал болушу күтүлүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги бул аптада Ош облусу боюнча аба ырайы кандай болорун маалымдады.
16-17-октябрда күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан, бийик тоолуу райондордо кар жааса, өрөөндөрдө күн ачык болот.
18-20-октябрда түнкүсүн гана айрым жерлерге жамгыр жаайт.
21-октябрда күн ачылат.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 18-19-октябрда айрым жерлерде 15-20 метрге жетери кабарланды.
Ноябрь ичинде Кыргызстанда аба ырайы кандай болот? Кыргызгидрометтин божомолу