"Жашыл мурастын" күзгү акциясы Нарындан башталып, 950 көчөт отургузулду. Сүрөт

Бак-дарак отургузуу боюнча быйылкы акция Баткен облусунда жыйынтыкталат.
Sputnik
БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. "Жашыл мурас" улуттук компаниясынын алкагында күзгү көчөт отургузуу акциясы Нарын облусунан башталды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Нарын токтой чарбасынын "Кара-Тал" токой бөлүгүнүн "Байболот" тилкесинде үч гектардан ашык аянтка 950 түп "Тянь-Шань" карагайы отургузулган.
1 / 3

"Жашыл мурас" улуттук компаниясынын алкагында күзгү көчөт отургузуу акциясы Нарын облусунан башталды

2 / 3

Маалыматка ылайык, Нарын токтой чарбасынын "Кара-Тал" токой бөлүгүнүн "Байболот" тилкесинде үч гектардан ашык аянтка 950 түп "Тянь-Шань" карагайы отургузулган

3 / 3

Акцияга катышкан айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков өлкө аймагында токой баскан аянттарды көбөйтүү максаты мөңгүлөрдүн кескин түрдө азайышына каршы күрөш экенин белгилеген

Акцияга катышкан айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков өлкө аймагында токой баскан аянттарды көбөйтүү максаты мөңгүлөрдүн кескин түрдө азайышына каршы күрөш экенин белгилеген.
"Жашыл мурас" акциясынын алкагында өлкө боюнча 6 миллион түп көчөт отургузуу пландалган. Жазында 4 миллион 600 миң көчөт тигилген. Эми күзгү бак-дарак отургузуу акциясын Нарындан баштап, Баткенден бүтүрөбүз. Анда жалпы 1 миллион 500 миңдей көчөт тигебиз. Күзүндө отургузулган көчөт жазында өсүп кетишине жакшы шарт түзүлөт", — деди Жаныбеков.
Акцияга Нарын токой чарбасынын кызматкерлери, райондук жетекчилер, Нарын мамлекеттик университетинин студенттери тартылган.
Мындан сырткары, бүгүнкү күндө Токой чарбаларынын питомниктеринде 13 миллиондон ашык түп көчөт бар экени белгиленди.
Жашыл мурас: быйыл Кыргызстанда 1 180 гектар жерге бак-дарак отургузулду