БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Нарын облусунун Жер-Көчкү айылында жаңы курулган 50 орундуу бала бакча ишке берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Белгилүү болгондой, бала бакча Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен Коомчулукту инвестициялоо жана өнүктүрүү агенттиги (АРИС) тарабынан 17 миллион сомго курулган.
"Анын 455 миң сому — айыл тургундарынын салымы. Бакчага Улуу Ата мекендик согуштун ардагери Аскар Калыкбековдун ысымы ыйгарылды", — деп айтылат билдирүүдө.
Коомчулукту инвестициялоо жана өнүктүрүү агенттигинин Нарын облусундагы өкүлү Талант Рысбаев билдиргендей, аталган уюмдун "Айылды инвестициялоо-3" долбоору менен Нарын облусунун аймагында 47 долбоор ишке ашкан. Алардын ичинде Жер-Көчкү айылындагы бала бакчаны кошкондо беш бала бакча кирген.