Кыргызстанда жашоо 70 сомго арзандады. III кварталдын жыйынтыгы

Статком июль-сентябрь айларында өлкөдөгү жашоо минимумун эсептеп чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Кыргызстанда жашоо минимуму 7 242 сомду түздү, бул бир адам аталган сумма менен бир ай жашай алат дегенди түшүндүрөт.
Улуттук статистика комитети 2022-жылдын III кварталына (июль-сентябрь) карата жашоо минимумун эсептеп чыккан. Ага ылайык, II кварталга салыштырмалуу жашоо 70 сомго арзандаган, июль айында 7 318 сом деп белгиленген болчу. Бирок былтыркы жылдын ушул мезгилине караганда 13,5 пайызга өскөн.
Жашоо минимуму региондордо төмөнкүдөй бааланды:
Баткен облусу — 7 080 сом;
Жалал-Абад облусу — 7 698;
Ысык-Көл облусу — 6 904;
Нарын облусу — 7 031;
Ош облусу — 6 850;
Талас облусу — 6 752;
Чүй облусу — 7 120;
Бишкек шаары — 7 452;
Ош шаары — 7 240.
Статком: өлкөдө эркектердин өлүмү аялдарга караганда 1,5 эсе көп катталат