Кыргызстан менен Тажикстандын делегациялары Душанбеде чек ара маселесин талкуулады

Тараптардын кийинки жолугушуусу Кыргызстанда өтмөй болду.
Sputnik
БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Душанбе шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын делегациялары эки өлкөнүн чек ара тилкелери боюнча маселелерин талкуулады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.
Өкмөттүк делегациялардын топографиялык жумушчу топторунун жолугушуулары 10-октябрдан 15-октябрга чейин уланган.
"Тараптар кыргыз — тажик мамлекеттик чек араларындагы чечиле элек аймактардагы линиялар боюнча ойлорун айтышты. Соңунда талкууну кийинки жолугушууда улантууну макулдашты. Кийинки жолугушуу Кыргызстанда өтөт, азырынча кайсы күнү болору белгисиз", — деп жазылат маалыматта.
Кыргызстандын делегациясы чек ара боюнча сүйлөшүү үчүн Тажикстанга кетти