Кыргызстандык жаш самбочулар дүйнө биринчилигинде 11 медаль утту. Сүрөт

Мелдеш башталган күнү эле кыргызстандыктар төрт күмүш, жети коло байгеге ээ болушту.
Sputnik
БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Кыргызстандык спортчулар самбо боюнча жаштар арасындагы дүйнө биринчилигинин алгачкы күнүндө 11 медаль утту. Бул тууралуу Самбо эл аралык федерациясынын сайтында жарыяланды.
Аталган турнир Армениянын Ереван шаарында кечээ, 14-октябрда, башталган, беттештер 16-октябрга чейин уланат. Ага 23 өлкөнүн спортчулары катышууда.
1 / 3

Кыргызстандык спортчулар самбо боюнча жаштар арасындагы дүйнө биринчилигинин алгачкы күнүндө 11 медаль утту

2 / 3

Аталган турнир Армениянын Ереван шаарында кечээ, 14-октябрда, башталган, беттештер 16-октябрга чейин уланат

3 / 3

Ага 23 өлкөнүн спортчулары катышууда

Дүйнө биринчилигинин алгачкы күнүндө жаштар жана кадеттер арасында 25 салмактык категория боюнча жеңүүчүлөр аныкталган.
Кадеттер арасында кыргызстандык Нурмухаммед Муратов (71 кг.), Акмаржан Турдажиев (+72 кг.) күмүш, Берик Бараканов (58 кг.), Талип Касымбаев (79 кг.) жана Амина Токтосунова (41 кг.) коло медаль тагынды.
Ал эми жаштар арасында Алай Чартов (71 кг.), Алымбек Адил уулу (98 кг.) экинчи орунду ээлесе, Даниел Асеков (58 кг.), Эрмек Нурбеков (64 кг.), Кансултан Сапарбаев (88 кг.), Бекбол Назаркулов (+98 кг.) үчүнчү орунду камсыздады.
Оор атлет Эмил Молдодосов Азия чемпионатынан күмүш медаль утту