Өзгөндө Кемпир-Абаддын жерин берүүгө каршы болуп 500дөй адам чогулду. Видео

Уюштуруучулар элдик курултай өткөрө турганын айтууда.
Sputnik
БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Ош облусунун Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактагычы турган жерди Өзбекстанга берүүгө каршы болгондор чогулуп, нааразылык иш-чарасы расмий түрдө, мамлекеттик гимн ойнолуп ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы жеринен билдирди.
Анын айтымында, суу сактагычка жакын аймактагы Кызыл-Октябрь айылына болжол менен 500 чамалуу адам топтолгон. Ал жерге боз үйлөрдү тигип жатышат.
1 / 4

Жогорку Кеңештин депутаттары Адахан Мадумаров жана Дастан Бекешев да жүрөт. Президенттин Оштогу өкүлү Зиядин Жамалидинов да келди. Андан сырткары коомдук ишмерлер Азимбек Бекназаров, Бектур Асанов келгени кабарланды.

2 / 4

Акциянын башында Өзгөндүн жашоочулары сүйлөп, "Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга бербейбиз, суусун пайдалана беришсин

3 / 4

Бирок жерин берүүгө каршыбыз" деген талаптарын коюп жатышат

4 / 4

Уюштуруучулар өлкөнүн башка дубандарынан дагы жарандар келгенин билдиришкен. Алар элдик курултай өткөрө турганын айтууда.

Уюштуруучулар өлкөнүн башка дубандарынан дагы жарандар келгенин билдиришкен. Алар элдик курултай өткөрө турганын айтууда. Жогорку Кеңештин депутаттары Адахан Мадумаров жана Дастан Бекешев да жүрөт. Президенттин Оштогу өкүлү Зиядин Жамалидинов да келди. Андан сырткары коомдук ишмерлер Азимбек Бекназаров, Бектур Асанов келгени кабарланды.
Акциянын башында Өзгөндүн жашоочулары сүйлөп, "Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга бербейбиз, суусун пайдалана беришсин. Бирок жерин берүүгө каршыбыз" деген талаптарын коюп жатышат.
Буга чейин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев талаш болуп келген жерлердин баары Кыргызстанга өткөнүн билдирген. Анын айтканына караганда, келишим ишке ашса Кыргызстан 19 966 гектар жер алат, жалпы жонунан Кыргызстандын картасы 15 806 гектарга кеңейүүдө. Ал үчүн Кемпир-Абад суу сактагычынын алдындагы 4 485 гектар жер өзбек тарапка өтөт.
Келишимдин долбооруна Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети макулдук берген.
Шарапаткан Мажитова депутаттык комиссия түзүп Кемпир-Абадга барууну сунуштады