Радио

Кенжекараев: Бишкекте жол инфраструктурасы жылына эки ирет текшерилет

Ички иштер министрлигинин Жол кыймылы башкармалыгынын ага инспектору Замир Кенжекараев Бишкекте жол инфраструктурасы жылына эки ирет текшерилерин айтты.
Sputnik
Жылына Транспорт жана коммуникациялар министрлиги ИИМ менен биргеликте тийиштүү мамлекеттик органдардын катышуусунда жолдордун шарттарын жазгы кароодон өткөрүп, ага жараша кемчиликтерди жоюу боюнча чараларды көрөт. Бул баяндама мэрия менен өкмөткө жөнөтүлөт. Андан соӊ жолдор күздө да текшерилет. Бул тууралуу Замир Кенжекараев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Бишкекте автоунаалар батпай калганына байланыштуу айрым жолдор бир тараптуу жолго өзгөртүлүп, көчөлөрдө светофорлор көбөйтүлүп жатат.
"Жол инфраструктурасы жол белгилери, светофорлор, өтмөктөр, жарыктандыруу сыяктуу көптөгөн факторлордун жыйындысы. Кыргызстандын "Автомобиль жолдору жөнүндө" мыйзамы бар. Анда жол коопсуздугу жаатындагы мамлекеттик органдардын милдеттери жана жолдордо кандай шарттар түзүлүшү керектиги боюнча кеңири жазылган. Негизги милдет – мыйзамды сактап, баарын ага ылайык кылуу. Биздин кызматкерлер көзөмөл жүргүзүп, ар бир жол кырсыкты анализден өткөрүп, кырдаалды талдап, айрым кесилиштерде, ашууларда жана коомдук жайларда коопсуздуктун деңгээлин жогорулатуу боюнча сунуштарды киргизишет. Бишкекте автоунаалар батпай калганына байланыштуу айрым жолдор бир тараптуу жолго өзгөртүлүп, көчөлөрдө светофорлор көбөйтүлүп жатат. Бул жерлерде салыштырмалуу жол кырсыктар азайды", — деди Кенжекараев.
Ал, тилекке каршы, каржылоонун жетишсиздигинен жол коопсуздугу жаатында айтылган бардык сунуштар аткарылбай жатканын кошумчалады.