Бишкекте эки автоунаа кагышып, бири экинчисинин үстүнө чыгып кеткен. Сүрөт

Алдын ала берилген маалыматка караганда, эки адам жаракат алган.
Sputnik
БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Борбор калаанын Фрунзе жана Осмонкул көчөлөрүнүн кесилишинде эки автоунаа кагышты.
1 / 2

Кайгуул милициясынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулунун айтымында, кырсык ишемби күнү эртең менен саат тогуздар чамасында болгон

2 / 2

Анда Hyundai Sonata жана Honda Stepwgn автоунаалары кагышкан

Кайгуул милициясынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулунун айтымында, кырсык ишемби күнү эртең менен саат тогуздар чамасында болгон. Анда Hyundai Sonata жана Honda Stepwgn автоунаалары кагышкан.
"Алдын ала маалыматтар боюнча, эки адам жабыркаган", — деди ал.
Биринчи автоунаа Фрунзе көчөсүндө артты көздөй батыш тарапка чыгып, ал эми минивэн Осмонкул көчөсү менен түштүктү көздөй келе жаткан.
Окуя болгон жерде милиция иштеп жатат.
Бишкек — Ош жолунда 6 адамдын өмүрүн алган жол кырсык. Дагы бирөө ооруканадан үзүлдү