БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. 18-октябрда Бишкекте жумуш издегендер үчүн вакансиялардын жарманкеси өтөт. Бул туурасында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, бул күнү иш издеп жүргөн шаардыктар саат 10:00дөн 14:00гө чейин Улуттук филармониянын имаратына барса болот.
"Анда 70тен ашык компания 3 000дей вакансия сунуштап, 10 университет жана 20 лицей окуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып беришет", — деп жазылат маалыматта.
Жумуш берүүчүлөр ошол жерден эле дароо сүйлөшүүлөрдү жүргүзсө, белгилүү ишкерлер, компания негиздөөчүлөрү, тажрыйбалуу адистер ийгилик сырлары менен бөлүшүп, ар кыл темада мастер-класстарды өткөрө турганы айтылды.
Кошумча маалымат алуу үчүн 0 (755) 14-54-14 чалсаңыздар болот. Акыркы жолу мындай ири иш-чара апрель айында өткөрүлгөн.