16-октябрга карата аба ырайы

16-октябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Жекшемби күнү көпчүлүк аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +22...+27, Таласта +21...+26, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +24...+29, Ысык-Көл жана Нарын жергесинде +15...+20 градус болору айтылды.
Күндүн табы Бишкекте +25...+27, Ош шаарында +27...+29 градуска чейин көтөрүлөрү болжолдонду.
Ысык-Көлдө суук түшөбү? Бир аптага карата аба ырайы