УКМК ШКУга мүчө-өлкөлөрдүн антитеррордук машыгуусуна катышты. Сүрөт

Машыгуу Индиянын Манесар шаарында бир нече этап менен өткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. УКМК "Манесар-Антитеррор-2022" деп аталган ШКУга мүчө-өлкөлөрдүн антитеррордук машыгуусуна катышты. Бул тууралуу атайын кызматтан кабарлашты.
1 / 3

УКМК "Манесар-Антитеррор-2022" деп аталган ШКУга мүчө-өлкөлөрдүн антитеррордук машыгуусуна катышты

2 / 3

Маалыматка ылайык, машыгуу Индиянын Манесар шаарында бир нече этап менен өткөн

3 / 3

Мындай иш-чара террордук чакырыктарга жана коркунучтарга өз убагында биргелешкен жооп кайтаруу максатында уюштурулуп келет.

Маалыматка ылайык, машыгуу Индиянын Манесар шаарында бир нече этап менен өткөн.
"Биргелешкен антитеррордук машыгуу учурунда атайын антитеррордук бөлүмдөрдүн кызматкерлеринин практикалык чеберчилиги жогорулатылып, тажрыйба алмашты", — деп жазылат маалыматта.
Мындай иш-чара террордук чакырыктарга жана коркунучтарга өз убагында биргелешкен жооп кайтаруу максатында уюштурулуп келет.
ЖККУга мүчө мамлекеттер Тажикстанда "Рубеж — 2022" аттуу машыгуу өткөрөт