Пресс-борбор

Кыргызстанда чет өлкөгө ишке орноштурган 4 агенттик лицензиясынан ажыратылды

Өлкөдө жалпысынан 135 менчик агенттик иштейт.
Sputnik
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Быйыл чет өлкөдө жумушка орноштуруу менен алектенген төрт агенттик лицензиясынан ажыратылды. Бул туурасында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы Жарандарды чет өлкөдө жумушка орноштуруу борборунун директору Алмаз Алыбаев билдирди.
Ал бүгүн Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн "Бийлик кыргызстандыктарды чет өлкөдө жумушка орноштуруу үчүн эмне кылып жатат" аттуу брифингге катышты.
Алыбаев аталган борбор менчик агенттиктерге лицензия берүү менен алектенерин белгиледи. Андан "туура эмес иштеген агенттиктердин реестри түзүлгөнбү?" деп сурашты.
Борбордун башчысы өз милдеттерин аткарбаган уюмдарды реестрге киргизүү практикасы бар экенин айтты. Ошондой эле ал жарандарды чет өлкөдө ишке орноштурууну жөнгө салган №175 токтомго өзгөртүү киргизүү боюнча сунуштарды активдүү түрдө берүүгө чакырды.
Кыргызстанда жалпысынан 135 менчик агенттик иштейт.
Маматалиев кыргызстандыктардын Россияда жүрүү мөөнөтүн узартууну сунуштады