Аймакты чайпалтууда. Токаев Борбор Азиядагы чек ара көйгөйлөрү тууралуу

Астанадагы саммитте алты өлкөнүн президенттери өз ара кызматташууну жакшыртуу маселелерин талкуулады.
Sputnik
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев "Россия — Борбор Азия" саммитинде Борбор Азиядагы чек ара көйгөлөрү туурасында айтты.
"Аймакты чайпалтып турган факторлордун бири — кээ бир өлкөлөр ортосундагы чек ара маселелеринин жөнгө салына электиги. Бул көйгөй көп жылдык ирегелеш жашаган достукту, өз ара ишеним менен жакын коңшулукту эске алып БУУнун уставы, эл аралык укуктардын принциптерине таянып чечилиши керек", — деген Токаев.
Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Россиянын президенттери катышкан бул иш-чараны Россия демилгелеген. Анда азыркы жалпы геосаясий кырдаалда соода-экономикалык кызыкчылыктары дал келген мамлекеттердин өз ара алакасын талкуулоо негизги маселелерден болуп саналды.
Астанада "Борбор Азия — Россия" саммити башталды