Радио

Эсенкожоев: Кыргызстанда биринчи жолу жынсы шым өндүрүшү ишке кирди

"Текстиль транс" компаниясынын башкы директорунун орун басары Айдар Эсенкожоев аталган ишкана 1300дөн ашык адамды жумуш менен камсыз кыларын айтты.
Sputnik
Кийим-кече тиккен фабрика 2020-жылы эле ишке кирмек. Пандемиядан улам бир аз кечигип калды. 2008-жылдан бери Чүй облусунда пахта өстүрүлүп, жип, була, кийим чыгаруучу фабрикалар курулган. Бул тууралуу Айдар Эсенкожоев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кийимдердин ассортиментин иштеп чыгуучу топ Кыргызстандагы сатып алуучулардын суроо-талабын эске алуу менен базалык жана кэжуал стилдеги кийим-кечелердин үлгүсүн иштеп чыккан.
"Ишкана өндүрүштү 2008-жылы байпактарды чыгаруудан баштаган. 2021-жылы бренд түптөп масс-маркет болууга жетиштик. Бул аралыкта 1300дөн ашык адамды иш менен камсыз кылган беш фабрика ачтык. Бизде жип, була өндүрүшү жана тигүү фабрикасы бар. MENIKI кийимдеринин ассортименти биздин команда тарабынан иштелип чыгып жана бүт өндүрүш цикли бир компаниянын ичинде ишке ашат. Кыргызстанда биринчи жолу жынсы шым өндүрүшүн ишке киргиздик. Алгач аны Түркияда тиктирип, башка өндүрүүчүгө көз каранды болуу абдан кыйын болду. Ар дайым башка өлкөгө жаңы үлгүлөрдү жөнөтүү өтө көп убакытты талап кылды. Учурда жынсы кийимдерин тигүүчү жана боеочу станоктор менен жабдылып, эки түрк адиси биздин жумушчуларга баарын үйрөтүп жатат. Азырынча продукциялар Бишкек шаарында гана сатылат. Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду уюштурган инвестициялык форумда өлкөнүн түштүк аймагында дүкөн ачуу пландалды. Андан тышкары, Казакстанда, Россияда дүкөн ачууга даярданып жатабыз", — деди Эсенкожоев.
Ал азыркы учурда балдар жана чоӊдор үчүн кийимдердин 90 пайызы чет мамлекетке экспорттолуп жатканын кошумчалады.