Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин: Россия Украинаны жок кылууну максат кылган эмес

Владимир Путиндин айтымында, азыркы тапта Украинага массалык түрдө сокку уруу зарылчылыгы жок.
Sputnik
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Россия өзалдында Украинаны жок кылуу максатын койгон эмес. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин Астана шаарындагы маалымат жыйында айтты.
"Жок, андай максат жок. Алар (Украина) кезинде Крымды алып, сууну кесип салышты. Ал жакта 2,4 миллион адам жашайт. Крымдагы сууну ачууга туура келди. Бул эми биздин аракеттерибиздин логикасынын бир мисалы. Андай кылбаганда азыркыдай аракеттер болмок эмес", — деди ал.
Путин журналисттердин "кайсы бир нерселерге өкүнбөйсүзбү?" деген суроосуна "Россия туура жана өз учурунда аракеттерди көрдү" деп жооп берди.
Мындан тышкары, өлкө лидери Украина боюнча массалык сокку жасоо зарылчылыгы жок экендигин, азыр башка милдеттер тургандыгын белгиледи. Муну менен катар эле ал Коргоо министрлиги соккуну Украинанын аймагындагы бардык объектилерге дароо бир учурда жасабаганына токтолду.
"Менимче, 29 объектиден жетөө талкаланган эмес, анткени муну Коргоо министрлиги пландаган, бирок алар акырындык менен аягына чыгышат. Массалык түрдө сокку урууга зарылчылык жок, балким, ага азырынча зарылчылык жоктур", — деди Путин.
Россия Украинаны демилитаризациялоо жана денацификациялоо боюнча атайын операциясын 24-февралда баштаган. Президент Владимир Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан геноцидге кабылган элди коргоо" экенин айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
РФ аскерлери Артемовск менен Соледардын жашоочуларын эвакуациялап жатат. Видео