Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин мобилизациянын жүрүшү тууралуу: эки апта ичинде аяктайт

Россияда жарым-жартылай мобилизация 21-сентябрда жарыяланган.
Sputnik
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин жарым-жартылай мобилизациянын жүрүшү жана аны жарыялоонун себеби тууралуу айтты.
Ал Астана шаарында өткөн саммиттен кийин маалымат жыйында сүйлөп, Украина менен Россиянын аралыгы 1,1 миң чакырымды түзөрүн белгиледи.
"Ошондуктан келишимдик негизде иштеген чек арачылар менен гана чек араны коргоо мүмкүн эмес болчу. Анын үстүнө алар чабуул коюу операцияларына активдүү катышышат. Мобилизация ошого байланыштуу болду", — деди Путин.
Ал жарым-жартылай мобилизация боюнча бардык иш-аракеттер эки жума ичинде соңуна чыгарын белгиледи.
"300 миң адам пландалган болсо, аскердик бөлүктөргө 222 миң адам жөнөтүлдү. Коргоо министрлигинен мобилизацияга чакырылгандардын санын көбөйтүү боюнча сунуш түшкөн жок. Бул боюнча иш-аракеттер башталганда гана анын сапаты кандай экендиги анык болду. Учурда маалыматтык база жаңыланууда, аяктап жатканына карабай сапаты жакшырыш керек деп ойлойм", — деген өлкө лидери мобилизацияга чакырылгандардын аскердик даярдыгын текшерүүнү тапшыргандыгын кошумчалады.
Россия президенти 21-сентябрда Коргоо министрлигинин, Башкы штабдын сунушу менен жарым-жартылай мобилизация жарыялаган. Ал тажрыйбалуу запастагы аскерлер, азыркы кырдаалда атайын операцияга катышууга жөндөмдүү адистер чакырыларын белгилеген. Коргоо министри Сергей Шойгу 300 миңге чейин адамды аскерге жиберүү пландалып жатканын айткан.
Путин студенттерди аскерге чакыруу мөөнөтүн узарткан жарлыкка кол койду