БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Россия менен Борбор Азия мамлекеттеринин өз ара эсептешүү иштеринде финансылык маалыматтарды берүүнүн россиялык системасына (СПФС) өтүү процесси жүрүп жатат. Бул туурасында РФ президенти Владимир Путин "Россия — Борбор Азия" биринчи саммитинде айтты.
SWIFT — дүйнөдөгү финансылык мекемелердин финансылык операциялар, алардын алынганы жана жөнөтүлгөнү туурасында маалымат берген система. SWIFT Россиянын бир катар банктарынан өчүрүлгөн. Россиянын Борбордук банкынын аталган системага атаандаш боло турган каналы бар. Ал 2014-жылдан бери иштеп келе жаткан финансылык маалыматтарды берүүнүн россиялык системасы (СПФС).
Путиндин айтымына караганда, финансылык эсептешүүлөрдүн механизмдерин кайра өзгөртүүгө убакыт келип жетти жана алардын ичинен Батыш компанияларынын, операторлорунун керексиздерин алып салуу процесси башталды.
"SWIFT ордуна эсептөөлөрдү жүргүзүү үчүн буга чейин өзүнүн жакшы иштегендигин көрсөтүп келген финансылык маалыматтарды берүүнүн россиялык системасына өтүп жатабыз. Ал силердин улуттук системаңар менен үндөшүп кетет, кредиттик мекемелердин ортосунда корреспонденттик түз эсептерди ачуу тажрыйбасын кеңейтип жатабыз", — деген Путин.