БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Астанадагы саммитте Кыргызстан, Тажикстан президенттери Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмондун жолугушуусу тууралуу айтты.
Анын айтымында, жолугушуу конструктивдүү маанайда өткөн.
"Албетте, алакалар жетишерлик деңгээлде чыңалып турган учурда пикирлердин бир чекиттен кесилиши оңой эмес, антсе да биз аны жасай алдык. Эң жок дегенде согуштук кадамдарды кайрадан жандандырбаганга болгон чаралар көрүлүп жана дагы бир абдан маанилүү нерсе — качкындардын кайтып барышы тууралуу тараптардын тиешелүү кадамдарды жасашы сүйлөшүлдү", — деди Путин.
Ал чек ара маселелерин чечүү боюнча сунуштар бар экендигин айтты.
"Эки тараптын тең тиешелүү документтерди жана бул көйгөйдү чечүү боюнча өздөрүнүн сунуш-пикирлерин бизге берери боюнча макулдаштык. Биз тараптардын сунушун баалоо менен гана чектелбестен, колубузда болгон документтерди маселени чечүү жолдорун издеп колдонууга аракет кылабыз. Алар, балким, макулдашууга негиз болуп береттир. Чек аралары боюнча маалыматтар мурдагы союздук республикаларга караганда Москвада көбүрөөк экендигин айтып жатам. Карталарды, документтерди көтөрөбүз. Кесиптештер менен бирге карап, чечүү жолдорун издейбиз", — деди Россия президенти.
Эске салсак, бул сүйлөшүүнү өткөрүү демилгесин Россия лидери Владимир Путин көтөргөн. Ал Азиядагы кызматташуу жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин VI саммитинин аянтчасында өткөн.