Путин КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы чатакты чечүү механизмдери тууралуу айтты

РФ лидери чатакташкан абалдан чыгуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү болушунча кеңири кароо керектигин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. КМШ мамлекеттери чатакташкан абалдан чыгуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү, ыкмаларды тапканга болушунча умтулушу керек. Бул туурасында Россия президенти Владимир Путиндин айтканын РИА Новости жазды.
Ал КМШга мүчө-мамлекет башчыларынын саммитинде постсоветтик аймакта жаралган карама-каршылыктар боюнча комментарий берген.
"Албетте, КМШнын алкагындагы оң маанайдагы өз ара кызматташуудан сырткары, тилекке каршы, пикир келишпестиктер, чатактар чыгып жатат... Мындай нерсе кайсы жакта жаралбасын, кыйын абалдан чыгуу жолун караштыруу керек. Мен баарында бекем эрк бар деп билем жана аны болушунча колдонуу зарыл", — деген Путин.
Эске салсак, кечээ Путин кыргыз-тажик чек арасында чыккан айыгышкан чатак боюнча эки мамлекеттин президенттери Садыр Жапаров жана Эмомали Рахмондун жолугушуусунун демилгечиси болгон.
Астанада Путин, Жапаров, Рахмондун жолугушуусу аяктады. КР президенти эмне деди