Бишкек — Ош жолунда 6 адамдын өмүрүн алган жол кырсык. Дагы бирөө ооруканадан үзүлдү

Жол кырсыгы алты кишиден тышкары 21 жаштагы кыздын өмүрүн алган.
Sputnik
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Бишкек — Ош жолунда үрөй учурган жол кырсыктан көз жумгандардын саны жетиге жетти. Бул тууралуу ЖКККББнын Жалал-Абад облусундагы бөлүмүнөн билдирди.
Эске салсак, кечээ 18:30дар чамасында Бишкек — Ош трассасынын 210-чакырымында Mercedes-Benz жеңил автоунаасы каршы тилкеге чыгып, Toyota Estima менен кагышканы айтылган.
ЖКККББнын маалыматы боюнча, кырсыктаган экинчи автоунаа Toyota Estima эмес, Honda Stream болгон. Кырсыктан эки автокөлүктүн айдоочусу жана Honda Stream үлгүсүндөгү автоунаанын төрт жүргүнчүсү окуя болгон жерден мүрт кеткен.
"Ал эми 21 жаштагы кыз Токтогул райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнөн үзүлгөн", — деп айтылат маалыматта.
Учурда кырсыктан жабыркаган эки жүргүнчү Токтогул райондук ооруканасында экени кошумчаланды.
Чүй: Жаңы-Алыш айылынан өткөн трассада эне-бала бус койдуруп кетип көз жумду