Маматалиев кыргызстандыктардын Россияда жүрүү мөөнөтүн узартууну сунуштады

Учурда Россияга барган кыргыз мигранттары 90 күндүн ичинде каттоого турушу керек.
Sputnik
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. "Ынтымак" партиясынын лидери Марлен Маматалиев Мамдуманын "Справедливая Россия-Патриоты-За правду" социалисттик саясий партиясынын төрагасынын орун басары Алексей Чепадан кыргызстандыктардын Россияда жүрүү шарттарын жеңилдетүүнү өтүндү. Бул туурасында депутат социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Чепа Бишкекке расмий сапары менен келген. Маматалиев жолугушууда тез арада чечүүгө муктаж болгон маселелер козголгонун белгиледи.
"Кыргызстан жарандарынын РФ аймагында убактылуу болуу мөөнөтүн бир жылга чейин узартууну (азыр 90 күн) өтүндүк. РФ аймагында биздин миграциялык борборлорду ачууга көмөк көрсөтүү маселеси көтөрүлдү. Медициналык текшерүүдөн өтүү жана КР Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү иштей турган миграциялык борбордон маалым кат алууну сунуштадык. Ошондой эле Россия жарандыгын алып, мобилизациялоого кабылган мекендештерибиз жөнүндө талкуу болду", — деди Маматалиев.
Мындан сырткары, депутат кыргыз мигранттар үчүн документтерди алууну жеңилдете турган миграциялык борборлор жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгышканын белгиледи.
Пикир алмашуудан кийин "Справедливая Россия-Патриоты-За правду партиясы менен "Ынтымак" партиясынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлган.
Акылбек Жапаров: ЕАЭБде иштеген мигранттарга ыңгайлуу шарттарды иштеп чыгуу керек