Ноябрь ичинде Кыргызстанда аба ырайы кандай болот? Кыргызгидрометтин божомолу

Бул айда абанын айлык орточо температурасы нормадан бир градус төмөн болуп, суук түшөрү айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги ноябрь айына карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Абанын айлык орточо температурасы нормадан бир градус төмөн болсо, жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу ыктымал.
1 / 2

Ноябрь абанын орточо температурасы

2 / 2

Ноябрдагы жаан-чачындын орточо көлөмү

Чүй облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан бир градус төмөн болуп, +3…+5 градус жылуу, тоо этектеринде жана Кемин өрөөнүндө -1 градус сууктан +1 градуска чейин өзгөрүп турушу ыктымал. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…-5 — +1…+6 градусту көрсөтсө, күндүз +3…+8 — +12…+17 градус болору айтылды. Кээ бир күндөрү абанын температурасы түнкүсүн -6…-1 градус, күндүз -3 градуска чейин төмөндөп, жаан-чачындын айлык көлөмү норманын чегинде болот.

Талас облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан бир градус төмөн түшүп, +1…+3 градус болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -2…-7 суук, күндүз +3…+8 — +12…+17 градустун тегерегинде болору айтылды. Кээ бир күндөрү абанын температурасы түнкүсүн -8…-13 градус, күндүз 0…-5 градуска чейин төмөндөшү ыктымал. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот.

Ош облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан бир градус төмөн болуп +5…+7 градус, тоо этектериндеги райондордо +3…+5 градус болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +2…+7 градус, күндүз +7…+12ден +13…+18 градуска чейин жылыйт. Кээ бир күндөрү абанын температурасы түнкүсүн 0…-5 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот.

Жалал-Абад облусу

Жалал-Абадда деле абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан бир градус төмөн болуп, ай ичинде түнкүсүн +2…+7 градус, күндүз +7…+12ден +13…+18 градуска чейин жылуу болушу мүмкүн. Кээ күндөрү абанын температурасы түнкүсүн 0…-5 градуска чейин төмөндөсө, күндүз +1...+6 градус болот. Токтогулда ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -1…-6 — 0…+5 градусту көрсөтсө, күндүз +10…+15 градуска чейин жылыйт. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу ыктымал.

Баткен облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан бир градус төмөндөп, ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +2…+7 градус, күндүз +7…+12ден +13…+18 градуска чейин жылуу болору божомолдонду. Кээ бир күндөрү абанын температурасы түнкүсүн 0…-5 градуска чейин төмөндөйт. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу ыктымал.

Ысык-Көл облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан бир градус төмөн болуп +1…+3 градус, чыгышында -1 градустан…+1 градуска чейин өзгөрүп турушу ыктымал. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…-5 градустан +1…+6 градуска чейин көрсөтсө, күндүзү +1…+6 — +7…+12 градус жылыйт. Кээ бир күндөрү чыгышында түнкүсүн -6…-11 градус, күндүз 0…-5 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болору айтылды.

Нарын облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан бир градус төмөн болуп, ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -7…-12 градуска чейин суук болору божомолдонду. Күндүз 0…+5 — +6…+11 градус жылыйт. Кээ бир күндөрү абанын температурасы түнкүсүн -13…-18 градус, күндүз -1…-6 градуска төмөндөйт. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу ыктымал.
Радио
Нарынбеков: быйыл түшүм жылдагыга салыштырмалуу жакшы