Пресс-борбор

Кыргызстандыктар БАЭде иштей башташат. Келишимге кол коюлушу күтүлүүдө

Документке кол коюлган соң кыргызстандыктар Катар, Оман, Кувейт, Бахрейнде иштөөгө мүмкүнчүлүк алышат.
Sputnik
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Кыргызстандыктарды Бириккен Араб Эмирлигине жана башка бир катар мамлекеттерге жумушка орноштуруу боюнча ушул айда келишимге кол коюлушу күтүлүүдө. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы Жарандарды чет өлкөдө жумушка орноштуруу борборунун директору Алмаз Алыбаев билдирди.
Ал бүгүн Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн "Бийлик кыргызстандыктарды чет өлкөдө жумушка орноштуруу үчүн эмне кылып жатат" аттуу брифингге катышты. Алыбаев чет жакта жумушка менчик агенттиктер сыяктуу борбор аркылуу да орношсо болорун белгиледи. Ал мекеменин планы менен мүмкүнчүлүктөрүнө токтолду:
2007-жылдан бери Түштүк Корея менен келишим бар;
бул айда БАЭ менен келишим түзүү пландалып жатат. Документке кол коюлган соң кыргызстандыктар Катар, Оман, Кувейт, Бахрейнде иштөөгө мүмкүнчүлүк алышат;
жумуш берүүчү тарапта 500 вакансия бар. Башкы талап — англис тилин толук билиши керек;
иш менен камсыз кылган германиялык мекеме менен келишим түзүлдү. Кийинки жылдан тарта миңдеген жаран жумушка орношо баштайт. Бирок алар немец тилин билиши шарт;
Италия Кыргызстандан жумушчу күч тартууга кызыкдар. Болжол менен аларга 200-300 адам керек. Элчилик бул маселени чечкен, келишимге кол коюу процесси гана калды;
Россиянын 50дөй иашканасы менен түз келишим бар;
жарандарды жумушка орноштуруу боюнча Түркия менен дагы келишимдер бар.
Алыбаев адамдарды 21 мамлекетке жумушка орноштуруу боюнча Кыргызстанда 135 менчик агенттик иштеп жатканын кошумчалады.
Пресс-борбор
Кыргызстанда чет өлкөгө ишке орноштурган 4 агенттик лицензиясынан ажыратылды