КМШ башчылары кийинки саммитти Кыргызстанда өткөрмөй болушту

Делегация башчылары шериктештикке 2023-жылы Кыргызстан төрагалык кылат деп чечишкен.
Sputnik
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. КМШнын Аткаруу комитетинин төрагасы, аткаруучу катчы Сергей Лебедев шериктештиктин президенттеринин 2023-жылдагы саммитинин датасын айтты.
Астанадагы саммиттин тар чөйрөдөгү отурумунда мамлекет башчылары күн тартибин жана регламентти бекиткен.
Президенттер, андан сырткары, КМШ алкагындагы өз ара кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашкан.
"КМШдагы төрагалык туурасындагы суроо каралды. Делегация башчылары шериктештикке 2023-жылы ал макамды Кыргызстанга берүүнү чечишти, ал эми теңтөрагалык милдет Казакстан жана Россияга жүктөлдү", — деди ал.
Лебедев Кыргызстандын сунушу менен кезектеги отурум 2023-жылы 13-октябрда Бишкекте өтө турганын кошумчалады.
Россия президенти Владимир Путин буга чейин мамлекет башчылардын кеңеши менен Сергей Лебедевдин ыйгарым укуктары дагы үч жылга узартылгандыгын айткан эле.
Путин КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы чатакты чечүү механизмдери тууралуу айтты