БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Афганистандагы "Талибан"* кыймылы менен керектүү деңгээлде мамилеге баруу керектигин билдирди.
Ал "Борбор Азия — Россия" аттуу биринчи саммитте жалпы региондун кызыкчылыгы үчүн Афганистандагы жарандык согуштун кайталанышына жол бербөөгө чакырды.
"Талибдер кыймылынын жетекчилиги менен байланыштарды керектүү деңгээлде жүргүзүүнү жактайбыз. Экономикалык кыйынчылыктардан улам талиб өкмөтү Афганистан үчүн акча табуунун салтка айланган кээ бир түрлөрүн колдонушу мүмкүн. Анын ичинде баңгизат бизнеси да бар", — деди Путин.
Россиянын башчысы учурда талибдер чет өлкөлөрдүн атайын кызматтарынын басымы менен өлкөнүн түндүк жагында террорчулардын базасы түптөлүп жатканына көзүн жуумп отурганын белгиледи.
"Албетте, биз Афганистандын учурдагы бийлиги менен иштешишибиз керек. Бул дагы биздин кылдат анализдин жана аталган багыттагы ишибизди координациялоонун предмети", — деди Путин.
Эске салсак, Астана калаасында биринчи ирет "Борбор Азия — Россия" саммити өтүп жатат. Ал Москва тарабынан Борбор Азиядагы беш өлкө менен Россиянын дипломатиялык мамилелери түзүлгөнүнүн 30 жылдыгына карата демилгеленген.
* Террордук ишмердүүлүгү үчүн БУУнун санкциясында турган кыймыл.