Радио

Кубатов: Бишкекте Орто Азиядагы ири олимпиадалык скалодром ачылат

Альпинизм жана аскага чыгуу федерациясынын президенти Эдуард Кубатов Бишкекте жана республиканын башка шаарларында альпинизм секциялары ачылып жатканын айтты.
Sputnik
Бишкекте Орто Азиядагы ири олимпиадалык скалодром курулуп, аскага чыгуу боюнча спортчулар машыга башташат. Бул тууралуу Эдуард Кубатов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, эми федерациянын эл аралык долбоорлорунун алкагында "Манаслу" чокусунан да бийик тоого баруу планы каралат.
"Альпинизм жана аскага чыгуу федерациясы улуттук жана эл аралык долбоорлор менен өнүгөт. Улуттук долбоорлордун алкагында Бишкекте, Караколдо жана башка шаарларда альпинизм секциялары ачылып, балдарды кабыл ала баштады. Мындан тышкары, борбор калаада Орто Азиядагы ири олимпиадалык скалодромдун курулушу башталат. Бул кадам өлкөдө альпинизмдин өнүгүшүнө чоң салым кошуп, ага кызыккандардын санын арттырат. Быйыл "Манаслу" долбоорунун алкагында бир топ иштер жасалып, көпчүлүктүн көңүлүн бура алдык. Эми жакында кийинки жылы аткарыла турган план бекитилип, мындан да чоң долбоорлор ишке ашат", — деди Кубатов.
Ошондой эле адис учурда Кыргызстанда жайгашкан эң бийик Жеңиш, Хан-Теңир жана Ленин чокусуна чыккандарга "Кыргыз илбирс" улуттук наам берүү долбоору ишке ашып жаткандыгын кошумчалады.