Бишкектеги мектепте теракт жасайм деп коркуткан. Милиция окуучуну тапты

Видеонун автору борбор калаадагы мектептердин биринде 7-класста окуган бала болуп чыкты.
Sputnik
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Милиция Бишкектеги Түлөбаев атындагы №49 мектепте теракт жасоого камынган делген окуучуну тапты. Бул туурасында Биринчи май райондук милициянын маалымат кызматы билдирди.
Буга чейин TikTok платформасында эртең бычак жана ок атуучу куралдарды колдонуп мектепке массалык теракт жасалары тууралуу эскертүү жарыяланган. Белгисиз адам "баарын чекеден өлтүрөм" деп коркуткан.
Райондук милиция видеону жарыялаган авторду таап, анын борбор калаадагы мектептердин биринде 7-класста окуган бала экенин аныктаган. Ал сөз болуп жаткан билим берүү мекемесинде же башка жакта окуганы такталган эмес.
"Окуучу мындай видеону социалдык тармакка чыгаруу менен "хайп" жасап, баракчасына көп катталуучу чогултам деп ойлогонун айтты" — деп билдирди милиция.
Окуя боюнча тергөө жүрүп жатат.
Депутат Таштанбеков: кыска юбка кийген кыздар педофилдердин көзүн кызартууда. Видео