Лукашенко: Батыш Евразияны бөлүп-жарып өз кызыкчылыгына пайдаланууну көздөйт

Өлкө башчысы Казакстан менен Өзбекстанда болуп өткөн окуяларды мисал келтирди.
Sputnik
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Беларусь президенти Александр Лукашенко Батыштын стратегдери евразиялык мейкиндикти бөлүктөргө бөлүп, КМШ мамлекеттерин сырье жана өнөр жайга кошумча нерсе катары пайдаланууга умтулуп жатканын айтты.
Астанада өтүп жаткан КМШ лидерлеринин саммитинде тар чөйрөдөгү жолугушууда сүйлөгөн Лукашенконун айтымында, мындай абал шериктеш өлкөлөрдү чагымчылыкка даяр туруусун талап кылат.
"Батыш стратегдеринин максаты кыйла кеңири экенин бул жерде отургандардын баары эле жакшы түшүнсө керек. Алар евразиялык мейкиндикти бөлүктөргө бөлүп, сырье жана өнөр жайга кошумча нерсе катары пайдаланууну көздөп жатышат. Жалпы КМШ боюнча ар кандай чагымчылыктарга даяр болушуз керек. Казакстан менен Өзбекстанда болуп өткөн окуялар — сабак болчу мисал. Бирок бул башталышы гана. Бардык өлкөлөр сыноодон өтөт", — деди Беларусь президенти.
Анын айтымында, көп жылдан берки кооптонуу бүгүн реалдуулукка айланып отурат.
"Баарыбызга каршы чыныгы гибриддик согуш ачылды. Бул жерде Украина шылтоо гана. Өткөн кылымда жеңилип калган кампаниялары үчүн кек сактап калган мамлекеттер узак убакыттан бери, керек болсо Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштен кийин, балким, андан да мурдараактыр, план түзүп келген", — деди өлкө башчысы.
Лукашенко бүгүнкү күндө экономикалык жана финансылык чабуулга Россия менен Беларусь кабылганын белгиледи.
Путин КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы чатакты чечүү механизмдери тууралуу айтты