Алай району туризмди өнүктүрүүчү жайлардын эл аралык тизмесине кошулду

Green Destinations платформасы дүйнө жүзүндөгү туристтик долбоорлордун 100 мыкты тажрыйбасын жарыялаган.
Sputnik
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Ош облусунун Алай району туризмди өнүктүрүүчү жайлардын эл аралык тизмесине кошулду. Бул туурасында Туризм департаменти билдирди.
Green Destinations платформасы дүйнө жүзү боюнча туруктуу туризмди өнүктүрүүгө багытталган инновациялык жана эффективдүү демилгелер менен долбоорлордун 100 мыкты тажрыйбасын жарыялаган.
Иш-чарага Кыргызстандан "Дестинация Ош" жана "Дестинация Каракол" (дестинация — туристтер келе турган жер, саякаттоочу жай) туристтик уюмдары, Кыргызстандын коомчулукка негизделген туризм ассоциациясы, туруктуу туризмди өнүктүрүү боюнча эл аралык долбоорлор катышкан.
"Алай району Борбор Азия жана КМШдагы биринчи дестинация болуп, туризм тармагындагы жоопкерчиликтүү аракеттер үчүн бул сыйлыкты алды. Алай кол өнөрчүлүктү жайылтуу аркылуу улуттук маданиятты сактоо, жакырчылыкты жоюу, элди туристтер менен иштөөгө үйрөтүү жана жергиликтүү тургундардын кирешесин көбөйтүү боюнча тажрыйбасын көрсөттү", — деп айтылат маалыматта.
Бул демилгелерди жайылтуунун натыйжасында төрт жылдын ичинде районго келген туристтердин саны 4000ден 16,5 миңге чейин өскөнү белгиленди.
Радио
Шатманов: быйыл туризм секторун ИДПнын 5,5 %ына жеткирүү пландалууда