БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин 2025-жылды КМШ аймагында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы жана нацизмге каршы күрөшүүнүн жылы деп жарыялоону сунуштаганын РИА Новости жазды.
РФ лидери КМШ мамлекет башчыларынын саммитинде сүйлөгөн.
"2025-жылды КМШ аймагында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы жана нацизмге каршы күрөшүүнүн жылы деп жарыялоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуш кылабыз. Муну менен адамзатты нацизм деген каргашадан сактап калган СССР элдеринин эрдигин жокко чыгарууну каалаган айрым мамлекеттердин тилеги таш кабат. Тарыхый чындыкты бурмалоого жол бербөөгө чакырык таштайбыз", — деди ал.
Эскерте кетсек, саммит Астана шаарында өтүп жатат.