Жаңы союздаш зарыл. Жакынкы Чыгыш жана Перс булуңу Россияга ыктадыбы?

Бириккен Араб Эмирлигинин президенти жана эмири Мухаммед бен Заид Аль Нахайяндын Россияга сапары кеңири коомчулук үчүн күтүүсүз болду. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү гана маалымдалса, шейшембиде ал Санкт-Петербургда Владимир Путин менен баарлашып отурду.
Sputnik
Эки өлкөнүн лидерлеринин жолугушуусунда негизги теманы дароо Бириккен Араб Эмирлигинин Тышкы иштер министрлиги Украинадагы каатчылыкты "майнаптуу саясий чечимдерге жетүүгө көмөк" деп атады. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгына Ирина Алкснис баам салган.
Анткен менен эки президенттин баарлашуусунун күн тартиби, албетте, кыйла кеңири болду. Энергетикалык рыноктордогу кырдаал, Сирия, Запорожье атомдук электр станциясынын айланасындагы абалга да токтолушту. Ал эми жабык түрдөгү сүйлөшүүлөрдө дагы эмнелерден кеп козголгонун жоромолдоого гана болот, бирок учурдун урунттуу, курч маселелери да талкууланганы талашсыз.
Маңызында Санкт-Петербургдагы жолугушууга Бириккен Араб Эмирлигинин башчысы өз мамлекетинин гана эмес, бүтүндөй Перс булуңундагы монархияларынын өкүлү катары келди.
Жакынкы Чыгыш, Перс булуңу бир топ кооптуулук тооруган кыйчалыш кырдаалга кабылып, чөлкөмдөгү өлкөлөр өзүн-өзү ойлоого аргасыз. Ондогон жылдар бою булуңдагы монархиялар Американын таасиринде калып, АКШнын абдан маанилүү өнөктөштөрү болгон. Алардын ортосунда өз ара пайдалуу кызматташтык бар эле.
Кошмо Штаттар иш жүзүндө дүйнөлүк мунай рыногун өз көзөмөлүнө алып, чөлкөм америкалык аскерий "чатырдын" алдында эле. Ошол себептен Жакынкы Чыгышты тегин жерден планетанын ок-дары челеги деп аташпаса керек. Мындан сырткары, Перс булуңунун өлкөлөрү АКШ менен өнөктөштүктөн бир топ жыл бою күткөнү заманбапташтыруу эле.
Аталган чөлкөм өз каада-салтын бекем тутат. Анткен менен мындагы мамлекеттердин каймактары мунай акыры бир күн түгөнөрүн түшүнүп калышты. Колдогу мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, өнүккөн жана алдыда бараткан АКШнын жардамы менен жаңы – технологиялык, индустриялык жана башка багыттарда секирик жасоого негиз түптөөнү көздөшкөн. Америкалыктар муну далай ирет убада кылып, ар жолкусунда алдашкан.
Кийинчерээк америкалыктардын аскерий коргоосу солгундай баштады. Эки жарым жыл мурун Кошмо Штаттар Patriot зениттик-ракеталык комплекстерин Сауд Аравиясынан чыгарып кетишкен.
АКШ министри Россия мунайына баанын чегин сунуштады
АКШнын мамлекеттик структураларда либерал-солчулдардын күч алышы менен чөлкөмдөгү өлкөлөрдү демократиянын жетишсиздигине катуу сындар айтыла баштады. Ушул өңдүү көрүнүштөр кандайдыр бир деңгээлде аталган мамлекеттерди Россия менен жакындашууга, АКШнын эмес, "мунайчы" мамлекеттердин кызыкчылыгын көздөгөн ОПЕК+ форматында уюм түзүүгө түрттү.
Азыр баам салсаңыздар, Кошмо Штаттар бүт дүйнөнүн көзүнчө ошол эле Батыш цивилизациясына таандык континенттик Европаны кыйратууда. Керт башын сактоо үчүн калгандарын деле ойлонбой туруп садага чабышы толук ыктымал. Мында биринчи кезекте Жакынкы Чыгыш турат. Демек, Жакынкы Чыгыш жана Перс булуңунун мамлекеттери абдан олуттуу коркунучка кептелди.
Ушул тапта батыштык үлкөндөр РФтин Украинадагы атайын операциясына жардамдашып жатат деп ОПЕК+ жана Сауд Аравиясын айыптоодо. Бул туурасында The Washington Post басылмасы жазып чыкты. Өткөн аптада картель тарабынан кабыл алынган мунай казуу көлөмүн кыскартуу жөнүндөгү чечимден кийин ушундай кадамга барышты.
Америкалыктардын буга жообу да көп күттүргөн жок. АКШ конгресси саудиялыктарды америкалык курал менен камсыздоону токтотуу жөнүндөгү мыйзам долбоору даярдалууда. Мунун натыйжасында чөлкөмдөгү өлкөлөр аскерий жактан дагы начарлайт.
Ал аз келгенсип америкалыктар Жакынкы Чыгышта таасирдин бейформал күчтүү инструменттерин калтырат. Маселен, дал азыркы учурда Иран жөн жерден тутанган жана бул ирет күрттөрдүн тобу себеп болгон башаламандыктардын толкунунда калды.
Тегеран менен булуңдагы монархиялардын алакасы адаттагыдай эле кыйла татаал, бир топ чиеленишкен. Анан да планетанын бул бөлүгүндөгү бардык өлкөсүнө ушундай эле көйгөйлөрдү жаратып кое алышат. Өз көзөмөлүндөгү согушкер-радикалдардын уюмдары колдо турганда кастарын тиккендердин ар бирине каршы тукуруп кое алышат.
Геосаясий бороон болору болжонуп турганда чөлкөм экономикасы бекем гана тургай, бир катар маанилүү технологияларга, бышыктыктын кыйла таасирдүү запасына жана башка бир катар артыкчылыктарга ээ, кыйын шарттарда да АКШ жана НАТО менен аскерий кармашка туруштук бере алчу, аларды жеңе ала турган бир союздаш абзел. Кызык, кайсы өлкө болду экен?..
Мунай жагдайы: АКШнын мындан аркы кадамы кандай болот?