Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

РФ аскерлери Запорожьенин каршылашуу тилкесинде турган айылына жардам жеткирди

Аталган аймактын жашоочулары мурдараак россиялык аскерлерге тиричиликтеги өтө зарыл болгон оокаттарды сурап кайрылышкан.
Sputnik
РИА Новостинин журналисттери россиялык аскерлер менен бергеликте Запорожье облусундагы каршылашуу жүрүп жаткан аймакка жакын жайгашкан Новое айылына гуманитардык жардам жеткиришти.
Азык-түлүк, балдар азыктарын, гигеналык буюмдардан турган жардамды Ленинград облусундагы Всеволожск шаарынын тургундары чогулткан.
Аталган аймактын жашоочулары мурдараак россиялык аскерлерге тиричиликтеги өтө зарыл болгон оокаттарды сурап кайрылышкан. Алардын өтүнүчү боюнча тизме түзүлүп, керектүү буюмдарды аныктап топтоп, Новое айылына жөнөтүшкөн. Маалыматта Россиянын башка аймактарынан да жардам күтүлүп жаткандыгы айтылган.
Тема боюнча:
Россиялык аскерлер ЛЭРдин Первомайск шаарына гумжардам жеткирди. Видео