Путин, Жапаров жана Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу башталды. РФ лидери эмне деди

Россия лидеринин демилгеси менен Астанада өтүп жаткан бул иш-чарада чек ара маселеси талкууланат.
Sputnik
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Астана шаарында Кыргызстан, Россия жана Тажикстандын президенттеринин үч тараптуу жолугушуусу башталды.
Владимир Путиндин, Садыр Жапаровдун жана Эмомали Рахмондун бул жолугушуусу Россия лидеринин демилгеси менен Казакстандын борборунда Азиядагы кызматташуу жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин VI саммитинин аянтчасында өтүүдө.
Путин Кыргызстан менен Тажикстандын чек араларындагы көйгөйлөрдү чечиш үчүн көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.
Путин үч тараптуу жолугушуунун башталышында сүйлөдү. Андагы негизги учурлар:
Кыргызстан менен Тажикстан Россиянын стратегиялык жакын өнөктөштөрү;
Кыргызстандык бир миллион, тажикстандык эки миллион жаран Россияда өз ара ынтымакта окуп, иштеп жана жашап жүрүшөт;
Товар алмашуу өсүп жатат. Маселен, өткөн жылда 45 пайыз, ал эми быйылкы жылдын жети айында 20-30 пайызга жогорулады;
Путин кыскача сүйлөгөн соң жолугушуу жабык болорун айтып, ЖМКлар түз чагылдыра алган жок.
Жапаров, Путин, Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу. Видео