Путин: дүйнө көп полярдуу болуп, Азия анда негизги ролду ойной баштады

Россия лидери Азия өлкөлөрү дүйнөлүк экономикалык өсүштүн локомотиви болуп саналарын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 13-окт.— Sputnik. Дүйнөлүк саясат олуттуу өзгөрүүлөргө тушугуп, дүйнө көп полярдуу болуп, Азия анда негизги ролду ойной баштады. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин Астанадагы саммитте билдирди.
Белгилей кетсек, учурда Казакстандын борборунда Азиядагы кызматташуу жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин 6-саммити өтүүдө. Путин бүгүнкү саммит дүйнөлүк саясат жана экономикадагы олуттуу өзгөрүүлөрдүн фонунда болуп жатканын айткан.
"Дүйнө чындап эле көп полярдуу болуп, анда Азия негизги роль ойной баштады", — деген ал.
Россия лидери Азия өлкөлөрү дүйнөлүк экономикалык өсүштүн локомотиви болуп саналарын белгилеп, интеграциялык бирикмелер бул жерде динамикалуу иштеп жакшы киреше көрө баштаганына токтолгон. Ошондой эле Россия дагы бул процесстин активдүү катышуучусу жана колдоочусу экенин кошумчалаган.
Астанада саммит башталды. Президенттердин жолугушкан видеосу