Радио

Акеров: кышка чейин саясий абал курч болот

Саясий серепчи, тарых илимдеринин кандидаты Табылды Акеров өлкөдөгү саясий абал тууралуу божомолдору менен бөлүштү.
Sputnik
Күздөгү саясий активдешүүдө жети-сегиз саясатчы жанданууда. Алардын тарапташтары социалдык тармактар аркылуу активдүү иш алып бара башташты. Бул тууралуу Табылды Акеров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө адатта күзүндө жана жазында саясий абал курчуп, саясий топтор активдүүлүгүн баштайт.
"Кандайдыр бир саясий окуялар жүрүп жатканда саясатчылар өз позициясын билдирип, коомчулук активдеше баштайт. Учурда ошол көрүнүш кайталанууда. Мисалы, Кемпир-Абад маселеси саясий чыңалууну күчөтүп жатат. Соңку убактарда социалдык тармактарда жети-сегиз саясатчыны кайсы бир кызматтарга татыктуу экенин жазышууда. Булардын жандануусу кышка чейин саясий абал курч өтөрүн каңкуулап тургансыйт", — деди Акеров.
Ошондой эле ал саясий абал курчуса министрлер кабинетинин курамында өзгөрүүлөр болушу ыктымал экенин кошумчалады.