Россиялык аскер күчтөрү көзөмөлүндөгү Артемовск, Соледар жана бошотулган башка дагы бир катар калктуу жайлардан элди эвакуациялап жатат. Бул туурасында Первомай администрациясынын өкүлү Виктор Гарбар айтып берген.
Буга чейин ДЭР, ЛЭРдин аскерлери Россия армиясынын колдоосу менен Отрадовка, Веселая Долина жана Зайцево аймактарын бошоткон.
"Калктуу жайлардагы эл оор шартта жашап жатыптыр, электр кубаты, суу эбак өчүрүлгөн. Азык-түлүк да аз калгандыктан жоокерлер өздөрүнүн тамагынан берип турушкан", — деди Гарбар.
Тема боюнча: