Жылуу болот. Дем алышка карата аба ырайы

Бул апта аягына чейин күн жылуу болору айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 13-окт.— Sputnik. Кыргызгидромет дем алыш күндөрү аба ырайы кандай болорун алдын ала алынган маалыматтарга таянып кабарлады.
Ага ылайык, апта этегинде көпчүлүк аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бишкек шаарында да күн ачык болору айтылды. Ордо калаада абанын температурасы 24…26 градуска чейин жетет.

Чүй, Талас облустары

Өлкөнүн эки облусунда тең дем алышта күн жылуу болору күтүлүүдө. Жамгыр жаабайт. Чүйдө абанын температурасы 21…26 градусту көрсөтсө, Таласта 21...23 градус жылуу болору айтылды. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши ыктымал.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары

Түштүк аймактарда апта ичи кандай жылуу болсо, дем алыш күндөрү деле ошондой болору күтүлүүдө. Жаан-чачын болбойт. Ошто күндүн табы 27 градуска чейин жогоруласа, Жалал-Абадда 24...26 градус, Баткенде 22...24 градус жылуу болору айтылды.

Нарын, Ысык-Көл облустары

Апта аягында Ысык-Көлдө жамгыр жаабайт, бирок түнкүсүн абанын температурасы 0…-5 суук болушу ыктымал. Күндүз 16...21 градуска чейин жылыйт. Нарында деле жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз абанын температурасы 17...19 градуска жетсе, түнкүсүн -5 градуска чейин суук болот.
Радио
Нарынбеков: заводдор быйыл кызылчанын тоннасын 5500 сомдон сатып алат