БУУда Россияга каршы резолюция добушка коюлду. Колдогондор, каршы болгондор

Россиянын уюмдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя аталган долбоорду чагымчыл деп атады.
Sputnik
БИШКЕК, 13-окт.— Sputnik. БУУнун Башкы ассамблеясында Россияга каршы резолюцияга добуш берген, ДЭР, ЛЭР, Херсон, Запорожье облустарындагы референдумду тааныбагандардын арасында Венгрия менен Сербия бар. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Маалыматка караганда, документти Россиянын өнөктөшү болгон Бразилия, Науру да колдошкон. Резолюцияга АКШ, Улуу Британия, Украина, Балтика мамлекеттери жана башка 133 өлкө "макул" деген добуш берсе, Россия, Беларусь, Түндүк Корея, Сирия, Никарагуа долбоорду колдогон эмес. 35 мамлекет калыс пикирин билдирген. Алардын арасында: Армения, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан, Кытай, Индия, Түштүк Африка, Куба, Пакистан, Таиланд, Вьетнам, Монголия жана башка өлкөлөр бар. Украина, Молдова, Грузия, Балтика өлкөлөрүн кошпогондо Жакынкы Чыгыш мамлекеттери БУУнун референдумду сындаган Россияга каршы резолюциясын колдогон эмес. Азербайжан менен Түркмөнстан добуш берүүдөн баш тарткан.
Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя аталган долбоорду чагымчыл деп атады. РФтин БУУдагы өкүлүнүн орун басары Дмитрий Полянский да добуш берүүнүн жыйынтыгын сынга алып, Батыш БУУнун мүчөлөрүн ушундай ыкма менен гана Украинаны колдоого мажбурлай аларын белгилеген.
Сентябрдын аягында АКШ менен Албания БУУнун Коопсуздук кеңешинде резолюциянын долбоорун добушка коюшкан. Анда авторлор бардык мамлекеттерди, эл аралык уюм жана мекемелерди "Украинанын Донецк, Луганск, Херсон, Запорожье облустарынын статусунун өзгөрүшүн жана Россияга кошулушун тааныбоого" чакырышкан. Мындан тышкары, Москвадан тез аранын ичинде Украинадан аскерлерин алып чыгып кетүүнү талап кылып, референдум уюштурганы үчүн сынга алышкан. Россия бул резолюциянын долбооруна вето койгон.
Дүйшөмбү күнү Россия резолюция боюнча жашыруун добуш берүүнү өтүнгөн. Небензя түшүндүргөндөй, бул долбоорду колдогон мамлекеттердин санын азайтмак. Бирок Башкы ассамблея мындай сунушту кабыл алган эмес.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
БУУ Зеленскийдин Россияга сокку уруу тууралуу айткандары боюнча үн катты