Бишкек — Ош жолунда үрөй учурган жол кырсыктан 6 киши көз жумду. Видео

Милиция көз жумгандардын арасында балдар жок экенин билдирди. Жабыркагандар такталып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Бишкек — Ош жолунда үрөй учурган жол кырсыгы катталып, алты киши көз жумду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы кабарлады.
Каргашадан кийинки видео "Короче" аталыштагы Telegram-каналга жарыяланды.
Автокырсык бүгүн саат 18:30дар чамасында Бишкек — Ош трассасынын 210-чакырымында болгон.
Анда Mercedes-Benz жеңил автоунаасы каршы тилкеге чыгып, Toyota Estima менен кагышкан.
Милиция көз жумгандардын арасында балдар жок экенин билдирди. Жабыркагандар такталып жатат.
Жеринде тиешелүү кызматтар иш алып барып жатат.
Чүй: Жаңы-Алыш айылынан өткөн трассада эне-бала бус койдуруп кетип көз жумду