Бишкек мэриясы Баткенде үйсүз калгандарга мобилдик турак жай жөнөттү. Сүрөт

Темир контейнерлерде бардык шарттар түзүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 13-окт.— Sputnik. Бишкек мэриясы Баткенде турак жайсыз калгандарга убактылуу баш калкалап туруу үчүн мобилдик үйлөрдү жөнөттү. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 4

Бишкек мэриясы Баткенде турак жайсыз калгандарга убактылуу баш калкалап туруу үчүн мобилдик үйлөрдү жөнөттү

2 / 4

Мэрия мобилдик үйлөр ишкерлердин колдоосу менен берилип жатканын белгиледи

3 / 4

Темир контейнерлерде бардык шарттар түзүлгөн

4 / 4

Буга чейин да ушундай 16 үй жөнөтүлгөн

Мэрия мобилдик үйлөр ишкерлердин колдоосу менен берилип жатканын белгиледи.
"Темир контейнерлерде бардык шарттар түзүлгөн. Буга чейин да ушундай 16 үй жөнөтүлгөн. Жалпысынан 50 турак жай даярдалат", — деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, 14-17-сентябрь күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан Баткенде 1 158 объект талкаланган, анын 639у — турак үй.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Достук, Капчыгай айылдарына үйлөр өзгөчө план менен курулат. Жапаровдун жарлыгы