БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. "Азаттык" радиосунун Бишкектеги имаратынын алдында митинг болду.
Ага келгендер "Азаттык" радиосун, аны менен катар эле Kloop жана Kaktus сайттарын жабууну талап кылышкан.
Ал жерге келгендер редакциялардын окуяларды чагылдырышына нааразы экендигин билдиришти.
Чогулгандар чет элдик агенттер туурасында мыйзамдын кабыл алынышын талап кылышарын айтышты.
Кечээ ЖМКларда ЖК депутаты Надира Нарматованын бийлик бул ЖМКларды жабуу үчүн депутаттардын колун топтоп жүргөнүн айтканы тууралуу маалымат чыккан. Бул туурасында Дастан Бекешев айтып, ал эми Нарматова аны танган.