Астанада Путин, Жапаров, Рахмондун жолугушуусу аяктады. КР президенти эмне деди

Жапаров Путинге Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара маселелеринде көмөк көрсөтүүгө даярдыгы үчүн ыраазычылык билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Астана шаарында кыргыз-тажик чек ара көйгөйлөрү боюнча болгон Владимир Путиндин, Садыр Жапаровдун жана Эмомали Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу аягына чыкты. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Эске салсак, бул сүйлөшүүнү өткөрүү демилгесин Россия лидери Владимир Путин көтөргөн. Ал Азиядагы кызматташуу жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин VI саммитинин аянтчасында өттү.
Жапаров Путинге бул биргелешкен жолугушууну өткөрүү жана көйгөйлүү маселелерди ишеним артуу менен талкуулоо демилгеси, ошондой эле Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара маселелеринде көмөк көрсөтүүгө даярдыгы үчүн ыраазычылык билдирген.
Андан соң кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында түзүлгөн кырдаалга кеңири токтолгон.

"Ал (Садыр Жапаров – ред.) кыргыз тарап талаштуу маселелерди тынчтык жолу жана саясий-дипломатиялык ыкмалар менен гана чечүү зарылчылыгы боюнча өзгөрүүсүз позицияны карманарын баса белгилеп, тажик тараптын куралдуу агрессиясынын кесепеттери тууралуу эске салды", — деп билдирди маалымат кызматы.

Жапаров ошондой эле Кыргызстан кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгын эки тарапка тең пайдалуу болгудай кылып тез арада калыптандырууга ынтызар экенин, бул туруктуулуктун жана ынак коңшулуктун кепили боло тургандыгын белгилеген.
Белгилей кетсек, 14-17-сентябрь күндөрү тажик тараптын кол салуусунан Баткендеги чек ара тилкесинде жана айылдарда 62 кыргызстандык набыт болду, арасында жай тургундар, жаш балдар бар. Алардын ичинен 50 аскер кызматкери курман болду. 169 киши ар кандай жаракат алган. Баткенде 1 158 объект талкаланган, анын 639у турак үй экени аныкталган.
Путин, Жапаров жана Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу башталды. РФ лидери эмне деди