Астанада саммит башталды. Президенттердин жолугушкан видеосу

Кремль мамлекет башчыларынын чогулуп сүрөткө түшүп жаткан видеосун жарыялады.
Sputnik
БИШКЕК, 13-окт.— Sputnik. Астанада Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин 6-саммити башталды.
Кремль мамлекет башчыларынын чогулуп сүрөткө түшүп жаткан видеосун жарыялады. Кыргызстандан саммитке өлкө башчы Садыр Жапаров катышууда. Россия президенти Владимир Путин 2019-жылдан бери Казакстанга биринчи ирет барды.
Саммитти Казакстан лидери Касым-Жомарт Токаев сүйлөп ачканын Sputnik Казакстан жазды.
Ал Астана шаарында Азиядагы кызматташуу жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин экологиялык конференциясын өткөрүүнү сунуштады. Президенттин айтымында, көмүртекти аз талап кылган экономикага өтүү маселеси Азия үчүн абдан актуалдуу. Бул көйгөйдү чечүү үчүн көп көлөмдө инвестиция керек.
Мындан тышкары, Токаев кеңешмедеги мамлекеттер "жашыл азык-түлүк коридорун" түзүшү керектигин белгилеген. Анын айтымында, Азия дүйнөдөгү айыл чарба продукциясынын үчтөн экисин өндүрөт, бирок бул тармакта мүмкүнчүлүгү чектелип калууда.
Ошондой эле ал кеңешмедеги мамлекеттерге финансылык саммитти дайыма өткөрүп турууну сунуштаган.
Путин Жапаров жана Рахмон менен үч тараптуу жолугушуусун өзү демилгеледи