Бишкектеги "Ынтымак-2" паркында ачык асман алдында ачылган китепканага келип жаткан шаар тургундарынын саны барган сайын өсүүдө. Бул тууралуу Таалайбек Бердиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган китепканага 100гө жакын китеп коюлган.
"Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы "Келечек" жаштар платформасы жана Элге билим берүү ассоциациясы менен бирге өткөн апта "Билим жумалыгы" деп белгиленди. Анын алкагында Бишкекте "Ынтымак-2" паркына ачык асман алдындагы китепкана ачтык. Ачылганына аз гана убакыт болсо да шаар тургундары өздөрү окуган китептерди алып келип, башкалар да окусун деген максатта ал жерге ар кандай жанрдагы китептерди калтырууда. Биз 100гө жакын китеп койгон болсок, бүгүнкү күндө китеп сүйүүчүлөр китепкананы толтуруп коюшту. Бизди кубандырганы — жаштар арасында китеп сүйүүчүлөрдүн аз эместиги. Байкаганыбыз боюнча, жаштар китепканага келип, 1-2 саат отуруп, китеп окуп кетип жатышат. Биз ачык асман алдындагы китепканаларды Бишкек боюнча да, аймактар боюнча да көбөйткүбүз келет", — деди Бердиев.
Ал ачык асман алдында китепканадагы китептер кыргыз, орус, англис жана немец тилдеринде экенин кошумчалады.