Жети миллионунчу кыргызстандык 20-октябрга чейин төрөлөт

Саламаттык сактоо жана Санарипти өнүктүрүү министрликтери алдын ала эсептөө жүргүзгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Кыргызстанда жети миллионунчу кыргызстандыктын 20-октябрга жакын жарык дүйнөгө келиши күтүлүп жатат. Бул тууралуу Статистика боюнча улуттук комитеттен билдирди.
Аталган ведомствонун маалыматына караганда, 1-августка карата Кыргызстан элинин калкынын саны 6 миллион 977 миң адамды, ал эми 1-октябрга карата 6 миллион 995 миң адамды түзгөн.
Саламаттык сактоо жана Санарипти өнүктүрүү министрликтеринин ыкчам маалыматына караганда, келе жаткан аптада жети миллионунчу бөбөк жарык дүйнөгө келет.
Кыргызстандык алты миллионунчу бөбөк Айлин Кожошева 2015-жылы 25-ноябрда Ош шаарында жарык дүйнөгө келген. Ал эми беш миллионунчу кыргызстандык Бишкек шаарында, 2002-жылы 27-августта төрөлсө, кыргызстандыктардын санын төрт миллионго жеткирген Каныкей Кайыпова 1985-жылы 27-майда Ош облусунун Кара-Суу районунда туулган.
Эсептей келгенде, алтын миллионунчу жана жети миллионунчу болуп туулган кыргызстандыктардын айырмасы жети жылды түзгөн. Ал эми алты миллионунчу менен беш миллионунчу ымыркайлардын ортосу 13 жаш болгон. Беш миллионунчу бөбөк менен төрт миллионунчу кыргызстандыктын айырмасы 17 жылды түзгөн.
Радио
Жумалиев: эл каттоодон калктын бир пайыздайы өткөн жок