Украинада энергетика системасы канчалык жабыркаганы ачыкталды

Киевдин көпчүлүк районунда жылуулук менен камсыздоо системасы бир топ эле кыйраган.
Sputnik
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Акыркы эки күн ичинде Украинанын энергетикалык инфраструктурасынын 30 пайызы жабыркады. Бул тууралуу өлкөнүн энергетика министри Герман Галущенконун айтканын CNN билдирди.
Акыркы эки күн ичинде Россиянын Куралдуу күчтөрү ыраакка атыла турган жогорку тактыктагы курал менен Украинанын аскердик башкаруу, байланыш жана энергетика системаларынын объектилерине сокку урган. РФ Коргоо министрлиги сокку максатына жеткенин билдирген болчу.
Президент Владимир Путин бул украин атайын кызматы уюштурган Крым көпүрөсүндөгү терактыга жана башка бир катар чабуулдарга жооп болгонун айтты.
Украинанын ири энергетика компаниясында иштеген тажрыйбалуу адис РИА Новости агенттигине соккунун кесепети өлкөнүн энергосистемасын кыйратышы мүмкүн экенин билдирген.
Шейшембиден тарта Киев шаары менен Киев облусунда электр энергиясы маал-маалы менен өчүрүлүп жатат. Ладыжинская жылуулук электр станциясында жана Винница облусунда жабдуулар бузулган. Галич шаарынын бийлиги Европага электр энергиясы экспорттолгон станция аткыланганын айтты.
"Турбина/казандар жайгашкан жер азыр кейиштүү абалда. Станцияны калыбына келтирүүгө көп убакыт талап кылынат. Эгер ири станциялардын баарында ушундай кыйроолор боло турган болсо жалпы энергосистеманын ишине катуу доо кетет. Энергетика тармагы кыйрашы мүмкүн", — деди эксперт.
Аналитик электр станциялардагы ири трансформаторлорду калыбына келтирүү кыйынчылык жаратарын белгиледи. Мында логистика менен өндүрүштүн ыкчамдыгынан көп нерсе көз каранды болот.
"Эгер кампада жабдуу жана транспорт каражаты даяр болсо, анда бир-эки айлык мөөнөт тууралуу айтса болот", — деди адис.
Ал ТЭЦ жылуулук менен да камсыздап келерин айткан. Шаардын масштабында аны кыска убакытта башка жактан ташып келүү мүмкүн эмес. Мындан улам Киевдин бир топ райондорунда жылуулук менен камсыздоо системасы бүлгүнгө учурады. Эксперт мындай абал бир нече күндөн тарта кыштын аягына чейин созулушу мүмкүн экенин кошумчалады.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина жеңилсе НАТО дагы уттурарын айткан Столтенбергге Медведев жооп берди