Украинага барган G7 "байкоочулары" мыйзамдуу аскердик бутага айланары айтылды

Владимир Зеленский 11-октябрь күнү G7 өлкөлөрүн Украина менен Беларустун чек арасына коопсуздукту көзөмөлдөө үчүн эл аралык байкоочуларды жиберүүгө чакырган.
Sputnik
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. "Чоң жетилик" өлкөлөрүнүн Украинага жиберген "байкоочулары" мыйзамдуу аскердик бутага айланат. Бул тууралуу Москвадагы тиешелүү органдардагы ишенимдүү маалымат булагына таянуу менен РИА Новости жазды.
Эскерте кетсек, Владимир Зеленский 11-октябрь күнү G7 өлкөлөрүн Украина менен Беларустун чек арасына коопсуздукту көзөмөлдөө үчүн эл аралык байкоочуларды жиберүүгө чакырган.
"Эгер ансыз да Киевге курал-жарак жөнөтүп, украин согушкерлерин машыктырып чыр-чатакка катышып жаткан G7 өлкөлөрү Зеленскийдин талабын орундата турган болсо конфликтинин тарабындагы макамын биротоло бекемдеп, байкоочуларды мыйзамдуу бутага айлантат", — деген маектеш.
10-октябрь күнү Беларусь президенти Александр Лукашенко Киевдин Беларуска каршы фронт ачышы акылга сыйгыс нерсе экенин, бирок кадам ташталганын, Украинаны буга Батыш түртүп жатканын белгилеген. Анын айтымында, НАТО менен Европанын бир катар мамлекеттери Беларуска каршы жасала турчу агрессиянын варианттарын кароодо. Лукашенко союздук мамлекеттин батыш чек арасында абал курчуганына байланыштуу Россия президенти Владимир Путин менен биргелешкен регионалдык аскер күчүн жайгаштырууну макулдашканын белгилеп, аталган топту түзүү иштери күчүндө экенин айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина жеңилсе НАТО дагы уттурарын айткан Столтенбергге Медведев жооп берди