Салык кызматынын электрондук системасы аксап, элге эски жол менен төлөөнү сунушташты

Жарандарды көйгөйгө кептеген абалдан чыгуу үчүн салык кызматы "Инфосистемс" мекемеси менен тыгыз өз ара иштеп жаткандыктарын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Салык боюнча мамлекеттик кызматынан төлөм шлюзунун жаңылануусунан улам электрондук патент/полис үчүн акча төккөндөрдө кыйынчылыктар болуп жаткандыгын билдирди.
2022-жылдын 1-октябрынан баштап электрондук патент үчүн төлөмдөрдү кабыл алууга жооптуу болгон электрондук төлөм системасы (төлөм шлюзу) "Инфоком" мекемесинин карамагынан "Инфосистемс" мекемесинин карамагына өткөрүлүп берилгени айылды. Андан кийин "Инфосистемс" жаңыланган төлөм шлюзун ишке киргизген.
"Бүгүнкү күндө көпчүлүк банктар жана төлөм уюмдары "Инфосистемс" мекемеси менен бирдикте жаңыланган төлөм шлюзуна кошулуу боюнча иштерди жүргүзгөн эмес, ошол себептен электрондук патент/полис үчүн акы төлөө өз убагында жүргүзүлбөй келүүдө. Ушуга байланыштуу, Салык кызматы патент/полис үчүн онлайн режимде төлөөгө мүмкүн болбогон учурда, аларды кагаз түрүндө алуу үчүн жергиликтүү салык органына кайрылууну сунуштайт", — деп айтылган маалыматта.
Салык кызматы бул көйгөйдү тез арада чечүү үчүн болгон мүмкүнчүлүгүн жумшап, "Инфосистемс" мекемеси менен тыгыз өз ара иштеп жаткандыктарын айтты.
Үй же батирди ижарага бергендер салык төлөшү керектиги эскертилди